Ааламда канча эл болсо, ошончо каада-салт, үрп-адатка байланышкан майрамдар бар. Алар башкаларга өөн учураганы менен өздөрүнө кадимки салттуу көрүнүш.

28-августта Испанияда «Томатино» фестивалы өткөрүлөт. Анда жашоочулар бири-бирин помидор менен чапкылашат. Дүйнө жүзүнөн майрамга кызыгып келген адамдардын саны жылына 36 миңге жетет. Фестивалда болжолу менен 100 тонна томат коротулат. Оюнда эч кандай деле эрежелер жок. Болгону көз менен бетти сактоо керек. Анткени, талуу жерге помидор тийе турган болсо көгөрүп же катуу ооруп калышы мүмкүн.

Индия менен Непалдын эли жаз алды менен «Холи» майрамын белгилешет. Шаар ичинде миңдеген адамдар чогулуп, бири-бирине ар кандай түскө боёлгон таарындыларды (порошок) чачышат. Майрамдын «боёктордун фестивалы» деген дагы бир аты бар. Ошондуктан да адамдар бири-бирин болушунча беёгонго аракет кылышат. Майрам көптөгөн кылымдардан бери өткөрүлүп келет.

Грециядагы «Галаксиди» фестивалы индиялыктардын «Холи» фестивалына окшоп кетет. Айырмасы көчөгө чогулган эл боёктун ордуна ун чачышат. Кар жаагандай шаардыктар менен көчөлөр ак түскө чулганып калат. Унду түрдүү түстөргө боёп алгандар да кездешет.

Англия өлкөсү да кызыктай фестивалдардан куру эмес. Алардын Глостершир деп аталган аймагындагы фестивалда тоонун башына чогулган эле атайын томолок кылып кесилген сырды ылдый көздөй тоголотуп туруп артынан кууйт. Аны кууп жетиш абдан кыйын, анткени сыр саатына (болжол менен) 100 км ылдамдык менен тоголонот. Ондогон эркектер сырга жетүү үчүн чуркайт. Бул майрам көпчүлүк учурда жаракат, сыныктар менен коштолот. Ошондуктан, жарышка чыккандарды жерде атайын тез жардам кызматы күтүп турат.

Испанияда дагы бир башкаларга өөн учурачу жөрөлгө бар. Анда ар жылы 7-16-июлга чейин эртең мененки саат сегизде «энсьерро» деп аталган, жапайы букалардан качуу оюну болот. Короодон чыгарылган 12 букадан ичке көчөлөр менен аянтка чейин 875 метр аралыкка качып баруу керек. Жарышка мас абалында катышуу болбойт. Оюнда жаныбардын мүйүзүнөн жабыркоо жана тебелендисинде калуу коркунучу бар. Башты мыкчып, жерге кыймылдабай жатып алса да болот. Болгону букалар 600 кг салмакта болгондуктан, адамдын үстүнөн аттап кете алат дегенге кепилдик жок.

Андан сырткары чоң фестивал болбосо да адатка айланган майрамдар бар. Алардын катарын Таиланддын Лопбури провинциясында кызыктай майрам бар. Жыл сайын жемиш жана мөмө жемиш менен толтурулган түштөнүүгө 600дөй маймыл чакырылат. Аларды тамакка тойгузуп сыйлоо, эски уламыштан улам калган. Рама кудайы маймылдар менен биргеликте көптөгөн жоолорду жеңген деп айтылат.

Англиялык валлийлер августтун акыркы дүйшөмбүсүндө сазга секирип, саз аркылуу 55 метрлик аралыкты сүзүп өтүшөт. Жарышта беткап жана көз айнек колдонууга болот. Акыркы келген адам да белекке ээ болот.

Түштүк Кореядагы ылай майрамы. Бул майрамда ылайдын составында болгон пайдалуу нерселерди денеге сиңирүү керек. Мындай ыкма башында косметологдор тарабынан уюштурулган. Кийин бара-бара өлкөнүн улуттук майрамына айланып кеткен.