Кечээ УКМК Кытай элчилигиндеги жардырууга шектүү адамдардын тизмесин жарыялаган эле.

Анда 5 адам кармалып, 4нө издөө жарыяланганы айтылган. Ошондон көп өтпөй издөө жарыяланган адамдардын бирөө, Мубарак Турганбаев издөөнүн негизсиз жарыяланганын билдирип, фейсбук баракчасына жазып чыккан.

мубарак

«Мен Мубарак Турганбаев, Стамбул шаарында «Адал Тур» каргосунда (жүк ташуучу, жеткирүүчү ишкана) иштейм. Биз Түркиядан Кыргызстанга жүк ташыйбыз. Анан ошону менен бирге Түркиядагы бардык карголордой эле акча трансфери менен да иштейбиз. Стамбулда бирөө акча берсе Кыргызстандан берип коебуз. Кыргызстандан акча берсе Стамбулдан беребиз. Банк сыяктуу эле иш кылабыз» — деп баштаган ал.

Анын айтымында, 1-июлда Бурхан деген бул жакта ресторан иштеткен бир киши Бишкектен берип коёсунарбы деп ага 5000 доллар берген.

«Биздин каргодо иштеген балдар 5000ди Искендер деген 0709668740 номурдагы балага беришкен. Кытай элчилигинин жанындагы жардырууга ушул Искендер дегендин катышуусу бар деп шектелип, бирок, Искендер табылбай жатат экен. Ошондуктан ушул акчаны бердирген деп Бахридин жана Мурадыл деген Адал турдун балдары Камакта сурак берип жатышыптыр. Тергөөчү Уралиев деген бирөө деп айтышты. Мени ал жактан расмий чакырышпай эле издөөго беришиптир. Бирок мен эч жака качкан жокмун жана КР Стамбул консулу Руслан М. (Казакбаев ред.) менен тыгыз байланыштамын. Тигил террористтер менен эч кандай байланышым жок. Муну бул жердеги баардык тааныштар тастыктайт. Биздин карго банктай эле иштейт. Биз акча берген жана алган адамдардын ким экенин кайдан билебиз? Бул чоң жалаа. Түшүмө да кирбеген чоң айып коюлуп жатат. Менин андай уюмдарга эч тиешем жок. Сот болбой туруп неге мындай кабар жасалды? Бул кабарды окуса чыныгы акчаны бергендер качып кетпейби? Ортодо жон еле каргодо иштегендерди неге айыпташат? Мени тааныган жана тааныбагандар жазуумду бөлүшүп коюшуңуздарды суранам. Мен качпадым. Консул Руслан менен байланыштамын. Адилеттүүлүк үчүн албетте күрөшөм жана сиздерден ушуну суранам» — деп аяктаган.

 

Бөлүшүү