Түштүк Кореядагы XXI эл аралык кино фестиваль 6-15-октябрга чейин өтөт.

Режиссёр Нурлан Абдыкадыровго таандык кыргыз тасмасы «Азия киносуна ачылган терезе» (Окно в азиатское кино) секциясында көрсөтүлөт. Ал эми аталган секция 1996-жылы Бусандагы фестивалдын алкагында негизделип, бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет.

«Кыргыз-казак бир тууган» тасмасы 3 жыл катары менен тартылып, көрүүчүлөргө быйылкы жылдын май айында тартууланган.

Кино тасманын кийинки премьерасы Бусанда болорун кыргыз кинематографисттер союзу билдирет.