Алардын аскерий төңкөрүш уюштурган Фетхуллах Гүленге тиешеси бар экени айтылат.
Түрк полициясы 17 провинцияда текшерүү операцияларын жүргүзгөн. Анын натыйжасында гүленчилерге тиешеси бар делинип, 105 аскер имамы кармалды.
16-июлга караган түнү Түркияда аскерий төңкөрүш аракети болуп, 246 адам каза таап, 2 миңден ашуун адам жаракат алган. Бийлик ага коомдук ишмер Гүленди күнөөлөп, ага тиешелүү адамдарды камакка алып, окуу жай жана башка мекемелерин жаптыруу аракетинде болууда.