Мындай чечимди уюштуруу тарап бир күн калганда эле айткан.

Бул тууралуу ырчынын бир тууган эжеси Нурайым Азыкбаева saat.kgге билдирди.

«Лепс Нурсултанга өзү чалып, ырларды тандап, даярданып жүрүшкөн. Анан сынакка бир күн калганда эле ырдабайт деп коюшту. Себебин айтышкан жок. Келишим боюнча сынак Орусиянын атактуу ырчысы менен ырдаш керек болчу. Ромидини көпчүлүк тааныбайт. Балким Нурсултандын таланттуу экенин байкап, анын упайын төмөндөтүү максатында ушундай чечим чыгарышкандыр. Лепс менен ырдаганда эч ким төмөн баа койбойт болчу. Нурсултан утуп калса орусиялык сынакта өз жеринде утулду деп уят болушмак», — дейт ал.

Автор: Нуркыз Маматова