Apple компаниясы iPhone 7 жана iPhone 7 Plus’ту элге көргөздү.
Компаниянын башчысы Тим Куктун айтымында, бул iPhone’дордун эң мыктысы.
iPhone 7де бир эле камера болсо, iPhone 7 Plusтун эки камерасы бар. Эки камера сүрөттөрдү сапаттуу тартуу үчүн керек. Ошондой эле камеранын төрт элементтүү жалыны (вспышка) бар.
Гаджеттер күчтүү динамикага ээ жана жөнөкөй кулакчындарсыз. Алар lightning аркылуу туташтырылат. Комплектин ичинде EarPods аттуу зымдалган кулакчындар кошулган.
Apple ошондой эле зымсыз кулакчын чыгарышкан. Анын заряды 5 саатка жетет, андан соң кайра заряддап алуу абзел.
Смартфондор жаңы кара (jet black) түстө чыгарылган. Мурдагы кара, күмүш, алтын жана кызгылт түстөр да кала берет.
iPhone’дон тышкары компания Apple Watch Series 2 чыгарган, бул гаджет суу өткөрбөйт. Бул девайсга баалар 369 доллардан башталат.
Автор: Нуркыз Маматова