Бүгүн эртең менен «Howo» жана «MAN» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагылышкан.
ӨКМ билдиргендей, “МAN” унаасынын айдоочусу Кара-Суу районундагы Савай айылынын 29 жаштагы тургуну Зайнабидин Ибрагимов. Ал эми «Howo» унаасынын айдоочусу Жайыл районунун Ак-Башат айылынын тургуну Самат Дүйшөналиев.
Кырсыка кабылган жарандар, Кара-Көл шаардык ооруканасына кайрылган. Хаджиматовдун оң колу, оң буту сынган, Дүйшөналиевичтин сол колу сынып ооруканага жаткырылган.