Бүгүн Чолпон-Атадагы ат майданында 80 км узундукта чоң ат чабыш мелдеши өттү.
Анда 30 чабандес катышып, марага Ысык-Көлдүн тургуну Жеңиш Жакшыбеков өз күлүгү менен биринчи келди.
Ал 25 жылдан бери ат чабышка катышып, 94 унаа алгандыгын айтып өттү.
Казакстан президенттик кубогунун да 3 жолу жеңген чабандес атын кымбат акчага алганын белгилей кетти.
Айта кетсек, Жеңиш Жакшыбеков буга чейин Кырчын жайлоосунда өткөн ат чабышта да биринчи келген.