Бүгүн Чолпон-Атадагы ат майданында ат оюндары өтүүдө.
Ат чабыш, кыз куумай, тыйын эңмей, чоң ат чабыш, бышты жорго, кунан чабыш жана көк бөрү.
Жылма ат чабыштан 1600 метр узундуктагы “Invader ash” күлүгү (Казакстан) биринчи келди. 2-орунду Ысык-Көл күлүктөрү алса, 3-орунду польшалык күлүк алды.
2400 метр узундуктагы жылма чабышта “Файдинг Даймондс” Нарын облусунун күлүгү алтынды алды.
“Роял тюлип” (Нарын) экинчи ал эми “Presanella” үчүнчү келди.