Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан көчмөндөр оюндарынын негизги максаты — Кыргызстан тууралуу дүйнөгө жар салуу жана чет жердик туристтерди тартуу.
Жайкы туристтик сезондо көп киреше таппаган көлдүктөр көчмөндөр оюндарынан каражат табабыз деген үмүттөрү болгон.
Ат майданында тизилген шатылар менен кошо бул жердин айланасы толугу менен тамактануучу жай жана дүкөндөр менен курчалган.
Кээ бири оюндарга карата шатыларды ижарага алып, атайын салган болсо, жөн эле ара жолдо отуруп же кыдырып соода-сатык кылгандар да болду.
Көчмөндөргө жакын тамактантануучу жайды ачкан Жаннат Жумабекова ачылышында кардарлар көп болгону менен азыр агым азайганын билдирди.
Ал эми “Көчмөндөр үйү” деп боз үй орноштуруп, 300-500 сомго киши киргизген Жаныш Кыдырбаев көбүнчө чет өлкөлүк туристтер келгенин айтты. Ошондой эле үч боз үй тигип, экөөсү толгонун кошумчалады.
Колго атайын көчмөндөргө арнап баш кийим тигип, кыдырган Махабат Карыпбекова бир калпакты өлчөмүнө жараша 250-350 сомго сатат.
“Биринчи оюндарда соода жакшы болгон. Азыр сатуучулар көп жакшы каражат түшпөй жатат”,- деп айтып өттү.
Тамак саткан Асель Абылгазиева 3 адам болуп бир шатыны ижарага алышкан. 10 миңге жакын акча коротуп, билет алууга жана электр жарыгын коюуга да көп акча кеткендигин айтып, чыгымдар акталбаганын баса белгиледи.
“Ижара кымбат, киши аз. Бирок келгениме өкүнбөйм. Оюндарды көрүп кеттим”,- дейт ал.
Жалпысынын алганда пайда табабыз деп келгендер көп болгон. Ачылыш аземинде киши агымы жакшы болгондугуна байланыштуу жабылуу салтанатына үмүттөрү бар. Акча баары ойлогондой акпаса да, өзүн-өзү жаап, андан сырткары киреше түшүп жатат деген ойду айтышты.