Президенттин кыздары, канбийкелер Лола менен Гүлнара Каримовалардын опол-тоодой байлыктары бар. 

Гүлнаранын чет өлкөдөгү кыймылсыз мүлктөрү 2013-жылы интернет айдыңына жарыя болгон эле.

25 Англиядагы Chesham street, London дарегиндеги 4 кабаттуу үйдүн 1-3 жана 4-кабаты Гүлнара Каримовага таандык.

АнглияЛондондогу бул үй ага тийиштүү жана ал «Porchester Industries Ltd» (Британиялык Виргин аралдары) ишканасына катталган. Башкаруу эсеп-чоттору Мадумаров Р.Т.нын колунда.

лондонГонконгдогу «Арка» комплексиндеги пентхаус Гүлнарага таандык. «RUDOLPH ALLIANCE INC» компаниясы тарабынан 36 млн долларга сатылып алынган. Каттатуу жана башка иштерине кошумча 2 млн доллар кеткен.

пентБириккен араб эмираттарындагы «JUMEIRAH ZABEEL SARAY» мейманкана комплексиндеги №31 жана №33 номерлүү виллалар да ага карайт. Болгону Мусажанов Акмалхонго катталган. 36,9 млн долларга сатылып алынган.

сарй

Мындан сырткары UAE, Dubai, Emirates Hills First, Bonnington tower Bldg адресинде 4001,4002, 4003 номерлүү үч пентхаусу бар.

перен

Аралдагы «The PALM JUMEIRAHдын» биринчи чийиминде 13,1 млн долларлык жер тилкеси бар.

омтров

Дубайдагы «Дубай Марина» районунда «DAMAC HEIGTS» деген аталыштагы асман тиреген үйдөн эки батирге ээ.

марина

Парижде 30 млн еврого сатылып алынган шаар четиндеги үйү (шато) бар. Анын эсеп-чоттору Мадумаров Р.Т.га катталган.

үй париж

30 млн еврого сатылып алынып, «SCI Invest Servis Group» компаниясына каттатылган Парижде батири бар.

квартиар

Сан-Тропеде (Франция) 2,5 млн еврого алынып, «SCI Invest Studio» ишканасына жана Мадумаров Р.Т.га каттатылган вилласы бар.

сан троеп

Орусияда, Москва, Сивашск көчөсү 6/1, 58 дарегинде бир бөлмөлүү батири бар. Анын ээси Мадумаров Р.Т. болуп эсептелинет.

москва

Үч бөлмөлүү батир: Москва шаары, Красин көчөсү, 21/1

квартира

Москвадагы Комсомол проспектисинде 420 чарчы метрлик үч деңгээлдүү батирге ээ.

камелот

Крымдагы Ялта шаарында пансионаты бар.

пансионат

Ялта шаарында мейманканасы бар.

мекмн

7 Chemin De La Prévôté, Cologny, Geneva дареги боюнча Женевада (Швейцария) эки кабат вилласы бар.

женева

Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова мынчалык байлыкка ээ эмес болсо да, Лос-Анжелесте хан сарайлары бар. Ал бир эле үйдү 58 млн долларга сатып алганы айтылат. Бирок, анын байлыктары тууралуу да батыш басылмалары байма-бай жазып келет.

нюю

Бул вилла Лола Каримова-Тилляевага таандык.

виллии

 

 

 

Бөлүшүү