Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Европа кеңешинин парламенттик  ассамблеясынын КР боюнча эксперт-баяндамачысы Ален Дестексти кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан жана Европа кеңешинин парламенттик  ассамблеясынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңешке берилген «Демократия боюнча өнөктөш» статусунун алкагында  өз ара аракеттенүүнүн оӊ жылыштары белгиленди жана Кыргызстан менен ПАСЕ ортосунда шайлоо системасын өркүндөтүү, демократияны жана укуктук мамлекетти бекемдөө боюнча мындан аркы кызматташтыктын багыттары каралды.