Бул каармандар кичинекей эпизоддук роль жаратышса да кыргыз тасмаларынын тарыхында калышкан. 

“Солдатёноктогу” кичинекей Темир Сариев

1973-жылы экс-премьер-министр Темир Сариев Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган “Солдатёнок” деген кыска метраждуу тасмага тартылган. Элдар Орозбаев режиссёрлук кылган фильмде ал башкы ролдогу Авалбектин досторунун бири болгон.

Сариев ММКларга «алгачкы маянам деп 1973-жылы ушул киного тартылып, 172 рубль алганымды айта кетсем болот» деп айтып жүрөт.

«Ал акчаны энеме алып келип бергем. Энем аябай сүйүнүп, бардык бир туугандарыма мектепке кийим-кечек сатып берген. Киного деле капысынан тартылып калгам. “Кино тартабыз” деп келген топ жабалактап турган балдардын ичинен “тың экен” деп мени тандап алышыптыр. Анда 10 жашта болчумун» — дейт ал.

Темир Сариев

Темике

 

 

 

 

 

 

Жайнактын ролундагы Токтогул Какчекеев

Белгилүү саясий серепчи Токтогул Какчекеев бир кезде Геннадий Базаров тарткан “Саманчынын жолу” (1967-жылы)  тасмасына тартылган. Ал Субанкулдун 3 уулунун бири Жайнактын ролун ойногон. Анда саясатчы кесипчилик-техникалык окуу жайын аяктап, борбордогу “Ала-Тоо” кинотеатрында киномеханик болуп иштеп жүрүп, кино тартып жүргөн 24 жаштагы Геннадий Базаров менен таанышып калат. Көп өтпөй Базаровго жардамчы болуп орношуп, ага “Саманчынын жолу” фильминдеги Жайнактын ролун ойноо буйруган болот. Ошентип ал дүйнөнүн төрт бурчуна көргөзүлүп чыккан тасмага тартылып калат.

Токтогул Какчекеевкакчекеев

Полковниктин образын жараткан Кубатбек Байболов

Сураштыра келгенде көпчүлүк белгилүү адамдар кичине кезинде роль жаратсам, экран бетинен көрүнсөм деген кыялдары болгонун айтышат. Ошолордун катарын толуктап, экс-депутат Кубатбек Байболов 2007-жылдары тартылган “Министрдин кызынын махабаты” фильминде полковниктин образын жараткан.

«Кубатбек Байболов бала кезинен киного тартылсам деп кыялданчу экен. Андыктан менин сунушумду дароо кабыл алды”- деп кинонун режиссёру Рустам Аташовдун айтканы бар.

министркубатбек

Сулуу кызга суктанган Алымбай Султанов

Жогорку кеңештин экс-депутаты (2000-2005-жылдары), ички иштер министринин орун басары, президенттин ЖКдагы өкүлү (2006-жылы) жана милициянын майору Алымбай Султанов “Апамдын махабаты” сериалында эпизоддук роль жараткан. Сериал 2004-жылы теледен көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Анда ал башкы ролдогу Санжардын досун ойногон. Санжардын телефонун алып чыгып берген башкы каарман Жибекти талып карап калганы сериалды көргөндөрдүн эсинде бар болсо керек.

Кубатбек БайболовАлымбай Султанов

Дооронбек Садырбаев 25 жаш курагында Токтогулду ойногон

Белгилүү чыгармачыл ишмер, кинорежиссёр, көрүнүктүү саясатчы жана Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты Дооронбек Садырбаев “Токтогул сүйгөн Алымкан” фильминде Токтогулдун ролун жараткан. 25 жаш курагында алп акындын жаш кезин көркүнө чыгара ойногону айтылат. Фильм 1965-жылы тартылган.

Чыгармачылык иштеринен сырткары ал 1995-жылдан тарта ЖКнын депутаты болгон. 2008-жылы “боор церрозу” оорусунан көз жумган.

Дооронбек СадырбаевДооронбек с

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү