Тажикстандык Г.К. жарым жылдан бери күйөөсү, кайненеси жана кайын эжесинен кордук көрүп келген.
Келин Кыргызстанга тайкесиникине конокко келгени айтылат. Ошол маалда аны Кайыңдылык 32 жаштагы Д.Ш. ала качып кетип, телефонун алып жана күч колдонуп зордуктап, нике кыйдырып алган. Эч кимди тааныбаган, телефонсуз калган Г.К. качып же бошонуп кете алган эмес.
Нике кыйылып калган соң, ал калып калууну чечкен. Ошол убактарда күйөөсүнүн дагы бир аялы бар экени билинген. Андан эки баласы бар болгондуктан кайын журту келинге төрөөгө тыюу салган. Боюна бүтүп калганын билген кайнене менен кайын эжеси болор-болбос нерселер үчүн сабай беришкен. Анын натыйжасында келиндин боюнан түшкөн. Азыркы учурда дарылап жаткан врачтар анын төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калуу коркунучу бар экенин айтышууда.
Г.К.нын туугандары болгон окуянын чоо-жайынан кабардар болушкандан кийин «Нурсат-Т» ЖЧКсы юридикалык компаниясына жардам сурап кайрылышкан. Алар ишканага 5 миң сом төлөгөнү менен юридикалык жардам көрсөтүлгөн эмес.
Ошондон улам акыйкатчыга кайрылууга мажбур болушканын, Кубат Оторбаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлайт.