Үңкүр-Тоонун айланасындагы талаштуу маселелер 2013-жылы өзбек аскерлери “Кербен” радио релелик станциясына келип желегин орнотуп алганда башталган.
Такталбаган жер талаш
Өзбекстандын мындай аракетине жергиликтүү эл тынчсызданып каршылык акциясына чыккан. Эки мамлекеттин өкмөттөр аралык сүйлөшүүсү жүрүп, бирок талаштуу маселе чечилбеген бойдон кала берген.
Быйылкы жылдын март айында Аксы районундагы Чаласарт аймагына Өзбекстан кырктай аскерин жайгаштырып, 2 БТР жана 2 КамАз унаасын койгон. Сүйлөшүүлөр менен ийге келишип, эки тарап аталган аймакка экиден төрт аскер калтырган.
Талаптар коюлуп, маселе курчуду
Тынчып калган талаштуу маселе 22-августта кайрадан козголду. Өзбекстандын 7 милициясы Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка кирген. 24-августта 4 кыргыз жаранын, радио релелик станциянын кызматкерлерин өзбек чек арачылары барымтага алып кетишкен.
Чек ара кызматынын жетекчилиги Өзбекстан тарап менен сүйлөшүү жүргүзгөндө, алардан талабы чек арадан мыйзамсыз өткөн өзбек милиция кызматкерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычындагы постторду алып салуу экени билинген.
Ал ортодо президент, өкмөттүн, тышкы иштер министрлигинин, чек ара кызматынын, ички иштер министрлигинин кийлигишүүсү менен сүйлөшүүлөр жүрүп, маселени чечүү аракеттери көрүлүп жатты.
Шартсыз бошоткону эмненин башын кылтыйтат?
Кечээ түнү Өзбекстан камакта турган 4 жаранды бошотуп, Ала-Бука районунун чек арачыларына өткөрүп бергени маалым болду. Өзбекстан эч кандай кошумча талаптарды койбогону айтылды.
Бир канча жылдан бери талаш жаратып, акыркы кездерде ырбап кеткен маселенин кандай чечиле турганы али белгисиз. Бир тарабынан алганда Өзбекстандын шарттарды, талаптарды койбой туруп жарандарды бошотуп жибериши да күмөндүү.
Буга карата интернеттеги соцтармактардын айрым колдонуучулары бошотуунун артында бир нерсе жатышы мүмкүн (Үңкүр-Тоо Өзбекстан тарапка өттү) деген өңүттө ойлорун билдиришүүдө.
Жердин өтүп-өтпөгөнүн өкмөт чечет
Ал эми Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселе тууралуу чек ара маселелери боюнча адис Токон Мамытов «бул жерде алар талапты койбосо дагы, мурдагы Орто-Токой суу сактагычы боюнча жана башка койгон талаптарын артка ала электигин айтты.
«Ошого жараша пландаштырып туруп, биз да алдыда өзүбүздүн иш чараларыбызды жүргүзүшүз керек» — дейт.
Анын ою боюнча, эл менен иштешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кажет.
“Чек ара режимдерин, эрежелерин сактагыла. Мурдагыдай тууганыма, таанышыма учурашып келем деп, өтмөктөн тышкары бөлөк жерден чек араны бузуп өткөнгө болбойт деп түшүндүрүү керек», — деди ал.
Ошондой эле бул жерде чек ара кызматы эмес, жергиликтүү бийлик иштеши керек экенин айтты.
«Ал эми берки чек арага байланышкан маселелер боюнча өкмөт өзүнүн ишин улантып жатат. Чек ара коопсуздугун камсыз кылууда бир топ иш чараларды иштеп чыкты. Ошонун негизинде 4 жаран сүйлөшүү жолу менен чыр-чатаксыз бошотулуп алынды. Ал эми Өзбекстанга Үңкүр-Тоонун аймагы өтүп кетти деп айтуу туура эмес. Ал чындыкка жатпайт. Аны өкмөт чечет, биз чече албайбыз» — дейт ал.
Аксы жерин кылымдардан бери эч ким басып алган эмес
Көз карандысыз эксперт Расул Үмбөталиев түздөн-түз алганда алардын өз жерине үй-бүлөсүнө кайтып келгени жакшы болгонун баса белгиледи.
«Экинчи тарабынан алганда маселе толугу менен чечилген жок. Өзбекстан Үңкүр-Тоо биздин жерибиз деп басып алды. Бүгүнкү күнгө чейин аскерин чыгарып кете элек. Булардын биринчи талабы Үңкүр-Тоо болуп жатат. Экинчиси болсо Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычы. Ал толугу менен Өзбекстандын Наманган облусун суу менен камсыз кылгандыктан, биринчи доосу ошол болуп жатат. Чынында анын 10-11 чакырымы чек арада жайгашкан» — дейт ал.
Анын айтымында, жаңы президент менен бул маселени чечип алууга мүмкүнчүлүк бар.
«Жерди Өзбекстанга өтүп кетти деп жаткандар мурунку президент Курманбек Бакиевди күнөөлөп жатышат. Анын жер алмашуу боюнча ою болсо керек. Анда келишимдерге гана кол коюлган. Ал толугу менен күчүнө кирген эмес. Себеби, эки тараптын парламентинен ратификациядан өтүшү керек болчу. Юридикалык күчү жок. Ошондуктан бул биздин жерибиз жана биздики бойдон кала берет», -дейт серепчи.