Кыргызстанда 12-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү мүмкүн.
12-14-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.






























