Белгилүү болгондой мамлекеттик башчынын орду 2-сентябрда бошогон. Анын милдетин премьер-министр Шавкат Мирзяев аткарууда. 

Бүгүнкү Өзбекстандын БШКнын отурумунда президенттик шайлоону 4-декабрда өткөрүү жана шайлоо кампаниясын баштоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Ислам Каримов инсульт оорусунун кесепетинен каза болду. Аталган өлкөнүн конституциясына ылайык, президент  өзүнүн милдеттерин аткара албай калган учурда 3 айдын ичинде жаңы өлкө башчысы шайланышы керек деп жазылган.

Мыйзам боюнча президенттин милдетин сенаттын төрагасы аткарышы керек. Бирок, Нигматулла Юлдашев мындай жоопкерчиликтен баш тартканы айтылат.