Бишкектеги эски аянтга миңдеген шаар тургундары менен коноктору майрамдык айт намазга келди.

Калаа тургундары менен айт намазга өкмөт башчы Сооронбай Дээнбеков жана депуттаттар да катышты.

«Бул майрамды биз туугандарыбыз жана жакындарыбыз менен өткөрүп, көзү өткөндөргө куран окушубуз керек»,-деп куттуктады кыргызстандыктарды премьер-министр.

Ошондой эле ал мыйзамды сыйлап, чынчыл жашоого үгүттөдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү