Акыркы 25 жылда жапайы жаратылыштын онунчу бөлүгү же 3,3 млн чарчы км аянты жок кылынганын окумуштуулар эскертишет.

Жапайы жаратылыш деп адамдардын колу тийбеген жерлер айтылат. Андай жерлерде калк жашаганы менен экосистемага зыян келтиришпейт. Катастрофалык жоготууларга Түштүк Африкадагы жана Борбордук Африкадагы аймактар кирет.

Бразилия өкмөтүнүн тыюусуна карабай тропикалык токойлорду кыюу күч алууда. Борбордук Африкада жаныбарлардын миңден ашуун түрү жашаган жапайы жаратылыштын 14%зы жок кылынган. Анын арасында токой пилдери менен шимпанзелер бар.

Окумуштуулардын эсептөөсү боюнча бүгүнкү күндө жер бетинде 30 млн жапайы жаратылыштын аянты бар. Анын 23%ы кургактыкта. Ага Түндүк Канаданын токойлору, Автралиянын токой массивдери менен чөлдөрү, айрым Азия менен Борбордук Африканын территориялары кирет.

Бөлүшүү