Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси  «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов.

Ал улуттук баш кийимди кийип мончого барган учурлар көбөйгөндүгүн белгилеп өттү.

Бул баш кийимге карата көрсөтүлгөн одонолук деп эсептейт депутат.

«Ошондой эле кошуна өлкөлөрдөн алынып келинген калпактар сапаты начар, синтетикадан жасалат. Бул туристтердин чыныгы таза ак калпак тууралуу оюн бузат»,- дейт Икрамов.

Буга байланыштуу башка өлкөдөн ак калпактарды Кыргызстанга киргизүүгө бөгөт коюү керек экендиги мыйзамда айтылат.

Долбоор коомдук талкууга коюлду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү