13-14-сентябрында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Ошондой эле тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл облусунун тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлүп, абанын  температурасы: Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25° жылуулукка, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18° жылуулукка  чейин, тоолуу райондордо 0…5° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт.