12-сентябрда эски аянтта Курман айт намазы окулду.

Бишкек ШИИБинин берген маалыматына ылайык, аянтта 50-55 миң адам келген. Майрам учурунда кесүүчү-жарылуучу жана ок атуучу тапанчаларды алып жүрүүгө тыюу салынган.

Ага карабай, кээ бир жарандардын жанынан МР-8 үлгүсүндөгү  бир травматикалык тапанча, 7 бычак, эки кастет табылган.

Кармалгандар Биринчи май ИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле жарандардын коопсуздугу үчүн иш-чарага селсаяктар жана шектүү адамдар кое берилген жок.

«Курман айт майрамын белгилөө учурунда коомдук тартипти 4 миң милиция кызматкери камсыздады»,- деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү