Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен президенттик аппараттын жетекчисинин рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алды.
Жолугушууда Президент өлкөнүн тышкы саясый ишмердиги, Кыргызстандын тышкы саясатынын стратегиялык багыттарын өнүктүрүү иштеринин негизги аспектилери тууралу маалыматтарды укту.
Жолугушуунун катышуучулары өлкө КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкекте өтчү юбилейлик саммитин даярдоо боюнча иш чаралар жөнүндө айтып беришти.
Атамбаев тышкы иштер министрлигине алдыдагы юбилейлик саммитти жогорку деңгээлде уюштурууну камсыз кылуу, өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.