Иликтөө иштеринин негизинде Лейлек районунун Самат айылында Хюндай маркасындагы унаа токтотулган.
Ичинде 46 жаштагы Лейлек районунун тургуну болгон.
Тинтүүнүн негизинде жарандын жанынан 1 кг 715 грамм героин болгондугун Баткен ОИИБи билдирет.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран кармалды. Азыркы учурда иликтөө жүрүп жатат.