Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы чемпионатта Кыргызстандын курамасы ийгиликтүү старт алды.
Бириккен күрөш федерациясынын расмий сайты маалымдагандай, мелдештин биринчи күнүндө 4 салмактык категорияда медалдар ойнотулган.
Бул күнү Кыргызстандын атынан үч балбан чыкты. Алар Жоламан Шаршенбеков 54 кг салмактык категорияда коло медаль.
Эрбол Бакиров 58 кг чейинки салмактык категорияда коло медаль.
Адиль Джумабеков 63 кг чейинки салмактык категорияда 10-орун.
Грек-рим күрөшү боюнча чемпионаттын алкагында эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча да медалдар ойнотулат.