Мохирахон Акимжанова жана Наргизахон Раимжонова алдын ала материалдык пайда табуу максатында, жаш кыздарды Сирияга, эл аралык террористик “Ислам мамлекети” уюмуна “Шахид” катары жалдоо ишин алып барышкан.

Мохирахон Акимжанова 55 жашта Араван районунун тургуну 6 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Наргизахон Раимжонова 30 жашта Араван районунун тургуну 7 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Соттун өкүмү менен макул болбостон, соттолуучулар Акимжанова жана Раимжонова апелляциялык даттануу келтиришкен.

Жалал-Абад шаардык сотунун 2-июнундагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Өкүм жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү