13-сентябрда Ч. Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданият борборунда XVI эл аралык Ысык-Көл оюндарынын салтанатуу ачылышы болуп өттү.
Аземге Венгрия, Германия, Казакстан, Латвия, Орусия, Түркмөнстан, Бангладеш, Мальдивы жана Кыргызстан катышты.
“Буга чейин волейбол, жеңил атлетика, стол тенниси, сууда сүзүү боюнча алдын-ала турнирлер болуп өткөн. Оюндардын максаты өлкөдө спортту өнүктүрүү. КМШ жана ШКУ мамлекеттери арасында спорт жана дене тарбия жаатында тажрыйба алмашуу. Спортчулар армреслинг, волейбол, гиря спорту, дартс, жеңил атлетика, кичи-футбол боюнча күч сынашты”,- деп билдирет спорт агенттигинин басма сөз катчысы
Ысык-Көл оюндары 20-сентябрда аяктайт.