Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков интернет тарифинин кымбаттоосу боюнча жыйын өткөрдү.

«Азыркы коомдо интернет жашоонун бир бөлүгү болуп калды. Интернеттин баасын көтөрүү коомчулукка терс маанай тартуулады. Биз жарандардын кызыкчылыгын коргоп, интернет менен күнүгө колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек», –  дейт ал.

Байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев казакстандык кесиптешреи менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Ал эми монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков ЕЭКтин отурумунда бул маселени көтөрө турганын кошумчалады.

Жыйындын соңунда Жээнбеков аларга бул маселени чечүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Бөлүшүү