Дүйнөнүн айрым мамлекеттеринде коомдук жайлардагы жүрүш-туруш эрежелери катуу сакталат. Кээ биринде мыйзамдар анчалык күчүндө эмес.

туфли

Көчөдө тамеки чектирбеген өлкөлөр

Германия өлкөсү башынан элин тазалыкка жана адептүүлүккө көндүргөн. Ал жерде өзгөчө шаар калкы тарбиялуу келет. Адамдар ар дайым жылуу учурашып, алкыш сөздөрүн айтканды унутушпайт.

Коомдук жайларда таптакыр сөгүнүп, жаман сөздөрдү айтканга болбойт. Түкүргөнгө жана таштанды ыргытканга да катуу тыюу салынган. Өлкөнүн кайсы бурчунда, кайсы жеринде болбосун тамеки чегүүгө болбойт. Ошондой эле кийинип жүрүүдө да өзгөчөлүктөр бар. Кичи шаарлардагы дүкөндөргө үйдөгү шалбыраган, кымбат эмес кийимдерди кийип баргандарды тейлешпейт. Ал эми чоң маркеттерге кире берсе болот. Бакча, парк, зоопарк деген сыяктуу жайларга классика эмес, жеңил кийимдерди кийип баруу кажет.

Гремания

АКШда болсо 21 жашка чыга электерге спирт ичимдигин ичүүгө болбойт. Анын жазасы чоң жана чет өлкөлүк жаран эрежени буза турган болсо өлкөдөн депортация болуп кетиши мүмкүн. Андан сырткары көчөдө жана унаа башкарып баратып ичимдик ичүүгө болбойт. Тамеки чегүүнү ого бетер жактырышпагандыктан атайын жайлар каралган. Акырын сүйлөп, шек жарата турган кыймыл-аракеттерден алыс болуу керек. Антпесе, байкап тургандар полицияга айтып коюшу мүмкүн. Ал эми полиция кылмыш жасаганда гана эмес, шектүү болгондо да кармап кетүүгө укуктуу. Эң негизги мыйзамдардын бири кара терилүүлөрдү «негр» деп атаганга болбойт.

Америка

Мыйзамдары катуу Сингапур

Куштарга жем берүүгө болбойт, сагыз чайнаганга жана үйдө жылаңач жүрүүгө андан бетер тыюу салынган.

Бул өлкөдө сагыздын айып пулу жогору. Кокус жарандардын чайнап же ыргытканы билине турган болсо 1000 сингапур долларын (30 миң сомдун тегереги) төлөөгө туура келет. Андан сырткары, коомдук жайларда тамак жеп, суусундук ичкенге, мас абалда жүрүүгө, түкүрүп, таштанды ыргытып, жолду туура эмес жерден кесип өтүп кетүүдө 20 доллардан 5 миң долларга чейин айып салынат.

Байкаган адамга бардык нерсеге тыюу салынып, уруксаты бар эч нерсе жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок, көп нерсеге тыюу салынганы менен ошого жараша жашоо деңгээли да жогору.

сингапур

Дүйнө өлкөлөрүндө таң калычтуу мыйзамдар да жок эмес

Айрым мамлекеттердин мыйзамдары өздөрүнө кадимки көрүнүш болгону менен башкаларды айран таң калтырышы ыктымал.

  • Мексикада сакалдуу аялдар абайлап жүрүүсү зарыл. Көчөдөн көрүп калышса, эл чогулуп келип сакалын алып салышы мүмкүн.
  • Италияда аты Мария болгон аялдарга сойкулук менен алектенгенге болбойт. Тропея шаарында түрү суук, толук аялдарга жылаңачтанып көл жээгине келгенге тыюу салынган.
  • Францияда чочко багуу менен алектенгендерге торопойдун атын «Наполеон» деп койгон мыйзамга каршы чыккандык болуп эсептелинет.
  • Түштүк Кореяда жол полициясы иштин соңунда башкармалыкка канча пара алганын айтып турушу керек.
  • Израилде ишемби күнү чимкирүүгө болбойт.
  • Боливияда XX кылымдан бери келаткан эреже боюнча аялзатына кафе-ресторанда бир рюмкадан ашык спирт ичимдигин ичүүгө болбойт.
  • Кытайда чөгүп бараткан адамды куткарууга тыюу салынган. Куткаруу анын жеке жашоосуна кийлигишүү болуп саналат.
  • Швейцариядагы мыйзамга ылайык кечки 22:00дөн кийин унитаздын суусун агызууга болбойт.
  • Англиянын борбору Лондондо кечки 21:00дөн кийин аялын урууга уруксат жок.
  • Индияда уйдун кыгын тазалап, алып койгондун жазасы күчтүү болот.
  • Ошондой эле жогоруда айтылгандай Сингапурда жашоочулар өз үйүндө да жылаңач жүрө алышпайт.

нооДемократия жана жаран эркиндиктери боюнча рейтингдердин жыйынтыктары

2012-жылы  “The Economist Intelligence Unit” изилдөөчү компаниясы демократиянын индекси боюнча толук демократиялуу, толук эмес демократиялуу, гибриддик режим (демократиянын да, авторитаризмдин да элементтери бар) жана авторитардык режими боюнча класстарга бөлүнгөн 167 өлкөнүн рейтингин чыгарган.

Анда Норвегия эң демократиялуу өлкө болуп табылган. Толук демократиялуу өлкөлөрдүн катарына 25 мамлекет кирген. 45 өлкө толук эмес демократиялуу өлкөлөрдүн санын толуктаган.

Ал эми Түркия, Пакистан, Ирак, Украина, Грузия, Армения, Кыргызстан жана 37 мамлекет гибриддик өлкө деп табылган. Орусия, Беларусия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Иран, Кытай жана башка 37 өлкө авторитардык режимдүүлөргө кирген.

Ошондой эле Freedom House уюму быйылкы жылга карата саясий жана жарандык эркиндик боюнча өлкөлөрдүн рейтингин чыгарган. Анда алар “эркин”, “жарым-жартылай эркин”, “эркин эмес” болуп бөлүнгөн.

Рейтинг боюнча Финляндия биринчи орунга чыккан. Исландия, Норвегия баштаган 85 өлкө эркин болуп эсептелген. Жарым-жартылай эркин болгон 56 өлкөнүн ичине Кыргызстан кирген. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларусия, Орусия мамлекеттери жана 52 өлкө эркин эмес деп табылган.

Бөлүшүү