Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Центерра Голд» компаниясынын директорунун милдетин аткаруучу Скотт Перри менен жолукту.
Өкмөттөн маалымдагандай, жолугушууда «Кумтөр» ишканасынын маселелери талкууланды.
Жээнбеков өкмөттүн эң башкы маселеси «Кумтөр» боюнча толук чечим чыгаруу экенин айтты.
Ал эми «Центерра Голд» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча келечектеги пландары тууралуу маалымат берди.