КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев парламенттин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 5 жолу трибунага чыкканына нааразы болду.

Спикер Чыныбай Турсунбековго трибунаны Текебаевдин жанына жылдырып берүүнү сунуштады.

«Текебаев 5 жолу трибунага чыкты, мен болсо бир да жолу сүйлөгөн жокмун», — деди.

Ал эми Турсунбеков аны токтоо болууга чакырып, Текебаев фракциянын лидери экенин эскертти. Лидерлерге 10 мүнөөттөн убакыт бериле турганын айтты.

Ошол эле учурда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Мискенбаевди абайлап сүйлөөгө чакырды.

“Текебаев тажрыйбалуу саясатчы, анын деңгээлине жетүү үчүн дагы өсүү керек. Сен экөөбүзгө дагы көп бар”, — дейт Бакиров.