27-августта каргашалуу окуя болуп, Москвадагы кыргыз мигранттары эмгектенген «Печатный экспресс» басмаканасында өрт чыгып 17 кыздын өмүрүн алып кеткени маалым.
Алар эки күндөн кезектешип иштешкен. Айлык маянасы 16-18 миң рублдун тегереги болгон. Жакында эле басмакана тендерден утуп алып, мобилдик оператордун сим-картынын конвертин жасап жатышкан.
Орусиялык «Новая газета» гезитине басмаканада иштеген Нурлан аттуу жаран маек берип, суроолоруна жооп берген.
Анын айтымында өрт смен алмашып жатканда эртең менен чыккан.
«Шеригим экөөбүз кезекти өткөрүп, лифтти көздөй бет алганбыз. Ошол маалда кандайдыр бир жыт келип, терезеден карасак 1-кабаттан түтүн чыгып жатыптыр» — деген ал.
Ал калгандарды эскертүү үчүн цехке чуркап барган. Андан кийин чечинүүчү бөлмөгө кийимдерин алуу үчүн кирген.
«Кайра чыга бергенде буруксуган түтүндөн эч нерсе көрүнбөй калыптыр. 8 жылдан бери иштегендиктен, кирүү-чыгуу эшиктерин жатка билип калгандыктан качып чыктым» — деген Нурлан.
Нурлан кыздардын бирөө да күйүп кетпегенин, алардын ис газынан каза богонун айткан.
«Бул тарабынан биздин балдар гана кичинекей терезеден кыздарды алып чыгууга аракет кылып жатышты. Болгону 4 кызды сууруп чыга алышты. Алардын арасынан Айчүрөк Абдумаматова ооруканага жетпей каза болуп калды» — деген ал.