Салык кызматы жол кайгуул кызматкерлери менен биргеликте рейдге чыгышат.

Ушуга байланыштуу салык кызматы транспорт каражаттарынын ээлеринен авто унаа айдоо укугуна карата күбөлүк менен техпаспортунан тышкары салыктын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны да ала жүрүүсүн суранат.

Мындан тышкары, унаасынын маңдайкы айнегине чаптап коюу үчүн транспорт салыгын төлөгөн жарандарга салыктын төлөнгөнү тууралуу атайын чаптама акысыз түрдө берилип жатат.

 

МСК билдиргендей, ким 1-сентябрга чейин салыкты төлөп үлгүрбөсө негизги суммадан тышкары 2 миң сом өлчөмүндө административдик айыпты жана ар бир күнгө туумду кошуп төлөөгө аргасыз болот.

Ошондой эле бул рейд бир гана салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында да өткөрүлүп жатат.