Эл аралык допингге каршы агенттигинин (WADA) сайты «Fancy Bears» хакердик тобу менен талкаланды.
Ачыкка чыккан документте Америка теннисчи кыздары Серена жана Винус Уильямсдар кызытма колдонуп жүргөнү маалым болгон.
«Ошондой эле америкалык гимнастка Симона Байлздын кызытма тести оң натыйжа берсе да дисквалификацияланып, оюндан четтетилген эмес»,- деп жазып чыкты msk.ru.
Анда дүйнөнүн буга чейинки биринчи ракеткалары Серена Уильямс 2010-2014-2015-жылдары жана Винус 2010-2011-2012-2015-жылдары бир нече жолу тыюу салынган дарыларды ичип келишкендиги айтылат. Документте дарылык үчүн ичкен деп жазылган. Бирок спортчулардын диагнозу көрсөтүлгөн эмес.
Ал эми Байлз август айында метилфенидатка (психостимулятор) берген кызытма тести оң натыйжа көрсөтсө да, ал оюндан четтетилбей 4 алтын медаль алууга жетишкен.
2012-2013-2014 жылдары спортчуга кызытма колдонууга уруксаат беришкен.
Рионун олимп чемпиону Елена Делле Дон амфетаминге жана гирокортизонго карата берген тести оң натыйжа көрсөтсө да, аны WADA четтетмек турсун андан ары колдонууга мүмкүнчүлүк берген.
АКШ курамасы Риодогу Олимпиада 46 алтын, 37 күмүш, 38 коло медаль алып медалдык зачетто биринчи орунга чыккан.
«Талкаланган сайттан ачыккан чыгарылган документтерди териштирген соң биз АКШ командасынын оюндары таза эмес экенине көзүбүз жетти. WADA жана МОК коррупция малынган жана сатылып кеткендигин көрсөткүбүз келди», — деп жазып чыгышкан хакерлер.