Жети-Өгүз районунун Талды-Булак айылында кечээ катуу жааган жаандын айынан сел жүрдү.

ӨКМ билдиргендей, Кушбеков көчөсүндөгү 7 турак-жайдын чарбалык курулуштарынын айланасына жана тамаркаларына сел кирген.

1 МТЗ-82 экскаватор тартылып, Тамды коктусунун сел өткөрүүчү каналынын 20 метрин аралыгын казып, сел өтүүгө ылайыктап, жээктери бекемделүүдө.