УЕФА  2018-жылы Чемпиондор Лигасынын финалы Украинанын борбору Киевде өтөт деген чечимди кабыл алды.

Бул маалыматты Украинанын президенти Петр Порошенко өзүнүн facebook баракчасына жазып чыккан.

«Бул барыбыз айрыкча күйөрмандар үчүн жагымдуу маалымат. Биз  бул иш-чараны мыкты деңгээлде өткөрөрбүз деп ишенем»,- дейт Порошенко.

“Евро-2012” футбол турнирин Польша менен бирге уюштурган Украина Киевдеги 70 миң орундуу “Олимп” стадионунда финалдык таймашты өткөрүү сунушун ушул жылдын башында жөнөткөн.