Кемин районунда жайгашкан Сол-Жээк-Талды-Булак алтын кенин иштеткен «Алтынкен» компаниясы кен ылгоо фабрикасы курулуп бүткөнүнө карабастан, алтын кошулмаларын Кытайга чыгарып кетүүдө.

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов билдиргендей, буга чейин 2 миӊ тонно кошулма ташылган.

«Мындай жосун азыр дагы токтогон жок. Азыр алтын кошулмаларынын дагы бир партиясы өлкө аймагынан тышкары чыгарылып кетүүгө даяр турат. Минтип отурсак, Сол-Жээк-Талды-Булак алтын кени экинчи Кум-Төргө айланып калышы ажеп эмес. Өкмөт муну катуу көзөмөлгө алып, тиешелүү чараларды көрүшү зарыл», — дейт эл өкүлү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү