Президент Алмазбек Атамбаев  бүгүн КМШ аткаруу комитетинин төрагасы , аткаруучу катчысы Сергей Лебедевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кыргызстандын төрагалыгы алдында Бишкекте өтчү юбилейлик саммитин даярдоо боюнча иш-чаралар жөнүндө маалыматты укту.

Атамбаев менен Лебедев алдыдагы саммиттин күн тартибин талкуулады, анда бир катар маанилүү маселелер, анын ичинде шериктештикти реформалоого жана аны азыркы заманга ылайыктоого байланышкан маселелер бар.