Крестининдин командасы FIFA рейтингинин жаңыланган тизмесинде 3 сап ылдый түшүп кетти.
Июль айынын жыйынтыгы боюнча курама 105-орунда болуп келген
Казакстан аталган рейтингде 83-орунда.
Бул айдын мыкты командасы 35 позиция өйдө көтөрүлгөн Боливия аталды.
Биринчи үчилтикте өзгөрүүлөр бар.
Германия үчүнчү, Бельгия экинчи ал эми Аргентина тизменин биринчи катарында орун алды.