Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы чечимин ишке ашыруу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча чаралардын жыйындысын ишке ашыруу боюнча пландар тууралуу маалымат берип, реформалоо боюнча генералдык схеманын бетачарын сунуштады.

Ал реформа коргоо кеңешинин чечимин аткаруу иретинде өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоого, кайталанма функцияларды жоюуга жана алардын талаптагыдай иштешин камсыз кылууга багытталарын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан реформанын эң негизги милдети – укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, калк тарабынан аларга карата ишенимин жогорулатуу болуп саналат.

Өкмөт башчысы белгиленген мөөнөттө өлкөнүн коргоо кеңешинин чечиминин алкагында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча бардык зарыл иш чараларды өткөрүүнү тапшырды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү