Былтыркы жылдын кыш мезгилине карата Токтогул суу сактагычында суу көлөмү аз топтолгондуктан, электр энергиясынын тарифи өзгөртүлгөн. 

Бул тууралуу “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова ЖК жыйынында билдирди.

“Мисалы, 700 кВт/саатка 77 тыйындан, андан ашкан кубаттуулукка жогорулатылган баа коюлган. Быйыл Токтогул суу сактагычында жетиштүү суу болду, электр энергиясынын тарифин кайра мурдагы калыбына келтирүү зарыл”, -дейт ал.

Депутат айткандай, калктын социалдык-экономикалык абалы кыйла кыйын абалда турат.

“Өлкөнүн экономикасы анчалык жакшы эмес. Ошондуктан, электр энергиясынын наркын жеӊилдетип берсек, калкка жакшы болмок. Анткени, алардын күнүмдүк турмушунда электр энергиясынын мааниси чоӊ. Эл дагы ушуну талап кылууда», — деп кошумчалады депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү