Риодо өтүп жаткан параолимпиадалык оюндарда спортчу 107 кг салмактык категорияда мелдешке чыгып, 203 кг болгон штанганы көтөрө алды.

Экинчисинде ал 211 кг салмакты көтөрүүгө аракет жасап, бирок тилекке каршы бул аракети ийгиликсиз болду.

Жыйынтыгында мелдештин расмий сайтында кабарлангандай, атлет 6-орунга чыкты.

Бул салмактык категорияда алтынды грекиялык Павлос Мамалос (238 кг), күмүш медаль египеттик Ахмед Мохаммед (233 кг) жана коло ирандык Али Садехзадесалманиге (226 кг) буйурду.
Буга чейин дагы бир кыргызстандык спортчу Эсен Калиев 5-орунду алган.

Бөлүшүү