Бүгүн ЖК жыйынында Түгөлбөй Казаковдун талапкерлиги каралып, 105 депутаттын колдоосу менен маданият министри болуп дайындалды.

Жыйынга 105 депутат катышкан. Алардын баарысы макул деп добуш берген.

Казаков эл өкүлдөрүнө ишенич көрсөткөн үчүн ыраазычылык билдирди.

27-июлда экс-министр Алтынбек Максүтов кызматтан кетип, ордуна Түгөлбай Казаков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү