Кечээ депутат Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын учурунда Алмазбек Атамбаев Албек Ибраимов тартуулаган «Дастан» ишканасына таандык жерге үй салып жатканын айткан.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Текебаевдин айткандарына жооп кайтарды. Анда ал депутаттын жеке саясий кызыкчылыктарын көздөп жатканын билдирди.
Мэрдин айтуусу боюнча Текебаев аталган жерди Укуевден мэр болуп шайланганга чейин бир жыл мурун эле сатып алган жана ошол эле жылы Атамбаевге саткан.
«Текебаев бүгүн кылган иштери үчүн соттолуп кетем деп коркуп жатканын ачык эле айтат элем. Ал эми коркунучтар адамды ар кандай жоруктарды жасоого алып барат. Анын жыйынтыгын биз көрүп жатабыз. Ар бир кылган ишиң үчүн кудай алдында, мыйзам жана эл алдында жооп берүүгө туура келет. Мен айрым бир саясатчыларга окшоп ыкчам аракеттерди жасабайм. Бирок Текебаевдин сотко берүүнү ойлонуп жатам» — деген Ибраимов.