КМШ өлкө башчыларынын юбилейлик 25-отуруму «Ала-Арча» резиденциясында өтүүдө.

Анда президент Алмазбек Атамбаев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын өлкө башчысы Серж Саргсян, Беларусиянын президенти Александар Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Молдованын премьер-министри Павел Филип, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Бяшиммурад Хожамамедов, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазис Камилов, Украинанын КРги элчиси Николай Дорошенколор катышууда.

Конокторду резиденциядан Алмазбек Атамбаев тосуп алды. Алар тар чөйрөдөгү отурумга отурушту.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү