Депуттаттар 12-сентябрга чейинки эс алуусу үчүн айлык акы алабы деген суроого ЖКнын иш башкармалыгынын башчысы Алмаз Кожомкулов жооп кайтарды.

Мен депуттаттар өз ишин 24 саат бою аткарат деп ойлойм. Бул 12 күндө алар иштеген жок деп да айта албайм. Бул күндөрү комитеттердин жана фракциялардын жыйындары өтүп жатты,- деп билдирди.

Кожомкулов депуттатарга бул күндөр үчүн айлык акы берилеби же жокпу так жооп берген жок.

1-сентябрда депуттатар өз эс алууларын көчмөндөр оюндарына байланыштуу  12-сентябрга жылдырышкан.