«Ата-Мекен» фракциясынын отурумунда мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев «Дастан» ишканасына таандык жердин 1999-жылдан берки таржымалын айтып берди.

Кечээ депутат Өмүрбек Текебаев маалымат жыйында аталган жерде президент Алмазбек Атамбаевдин үй куруп жатканын билдирген.

Сарпашевдин айтымында, 2,7 гектарлык жер тилкеси 1999-жылдан бери каттоодо бар. Ал башында «Дастан» ААКна тиешелүү болгон.

«Ал убакта «кызыл китеп» деген жок болчу. Кийин гана пайда болду. Аталган жер 2002-жылы Аламүдүн районунун кадастрына кирген. Тиешелүү документтер ошондо берилип, «Дастандын» наамына жазылган. «Артстройдизайн» ЖАКы 2008-жылы жерди 26 млн 700 миң сомго сатып алат. Бирок каражат ишкананын эсебине түшпөй, 2010-жылы жер кайрадан «Дастанга» кайтарылат. 2004-жылы жер тилкесинин 30 сотигин Табалдиев Султан 3 миң сомго сатып алып, уулуна жаздырат. 2012-жылы Каныбек Табалдиев ушул эле 30 сотик жерди 2 млн 300 миң сомго Анарбек Укуевге сатат. Ошол эле жылы Укуев калган 2,4 га жерди «Дастан» ишканасынан 22 млн 530 миң сомго сатып алат. 2015-жылы Ибраимова жерди толугу менен 24 млн сомго сатып алып, документтер колуна тиет. Ошондон кийин 2015-жылы 12-майда Алмазбек Атамбаев аны 33 млн сомго сатып алат» — деп каттоо кызматынын төрагасы толук маалыматты айтты.