Бүгүн Өзбекстандын «Либерал-демократтар» партиясынын жыйынында Шавкат Мирзиеевдун талапкерлиги президенттике сунушталды

Бул маалыматты мамлекеттин БШКсы өзүнүнү фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Баш мыйзам боюнча бийлик сенаттар төрагасы Нигматулла Юлдашевге өтмөк. Бирок ал баш тартып койгон.

Президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт.

Талапкерлерди көрсөтүү 30-сентябрдан тарта башталат.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнө салган. Президенттин убактылуу ордун аткаруучу болуп Шавкат Мирзиёев дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү