Бүгүн Өндүрүш Токтонасыров Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдына акция өткөрдү.

Ал Беларусь президенти Александр Лукашенко КМШ саммити бүтө электе Кыргызстандан чыгып кетүүсүн талап кылды.

«Лукашенкону кабыл албаш керек болчу. Анын Кыргызстанга келүүгө, жерин басууга моралдык укугу жок. Эмне үчүн элди кырып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди экстрадициялабай, кабыл алып жатат», — дейт ал.

Мындаш тышкары, Токтонасыров колуна «Бакиевге жөнөтмө» деген жазуудагы кутучага эт салып алган. Ал этти Бакиевге алып барып бер деген маанидеги сөздөрүн айтты.

Эске салсак, жарандык активист элчиликтин алдында Бакиевди экстрадициялоо маселесин көтөрүп бир нече митинг уюштурган.