Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин эки тараптуу сүйлөшүүдө жолукту.
“Көрүшкөнүбүзгө кубанычтамын. Мен сизди бир гана жолдош эмес, бир тууган катары да көрөм. 5 жылдык президенттик мөөнөтүмдөгү менин негизги жетишкендигим- Орусия менен жакшы алаканы кайтарып бергеним болду”,- деди Атамбаев Путинге кайрылып жатып.
Ал эми Путин өз кезегинде Атамбаевди куттуктап, кыргыз- орус мамилелери өнүгүп жаткандыгын белгилеп өттү.
“Саммит мыкты деңгээлде өттү. Бишкекти айланып, шаар өнүгүп жаткандыгына сүйүндүм. Элчи жаңы өзгөрүүлөр пайда болгондугун сыймыктана айтып өттү. Бул сиздин жана силердин командаңардын иш- аракети”,- деп кошумчалады Орусия президенти